08.06.2018 15:51

Бишкекте №7 троллейбустук каттам убактылуу токтотулду

Бишкекте №7 троллейбустук каттам убактылуу токтотулду

№7 троллейбустук каттам убактылуу токтотулду. Бул туурасында Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта, эртең, 9-июнь күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин №7 троллейбустук каттамдын кыймылы токтотулат.

Каттамдын токтотулушу «Өнөр жай» жогорку чыңалуудагы электр тутумдары Чүй ишканасынын подстанциясын оңдоо иштерине байланыштуу. 

Шаар мэриясы убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.